Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Бишкектен табылды

Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Бишкектен табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 15-августта Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан Талас шаарынын тургуну 14 жаштагы Акылай дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат таратылган. Бул маалымат ЖМКга жарыяланган соң, кыздын кайсы жакта жүргөндүгү тууралуу маалыматтар милицияга билдирилген.

Акылай бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип, жакындарына өткөрүп берилди. Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген.