Таласта дарыгер кызга үйлөнгөн 2 жигит 50 миң сомдон алды (сүрөт)

Кечээ, 28-октябрда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жыйын өткөрдү.

Бакытбек Нарбеков буга чейинки убадасына ылайык, Манас районунун Май айылынын тургундары жаш жубайлар Русланбек Нышаналиев жана врач-кардиолог АйжанАкирова, ошондой эле Исабек Акбердиев жана врач-эндокринолог Мээрим Акуновага 50 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Элдик жыйында Бакытбек Нарбеков дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып жатып, “Эгерде ким врач кызга үйлөнсө, анда 50 миң сом сүйүнчүсүн берем” деп убадалаган. Буга чейин 12-июлда Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары жаш жубайлар Чыңгыз Айдаралиев менен врач-невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сом сүйүнчү сертификаты тапшырылган.