Таласта жаш келиндин жансыз денеси табылды

Талас шаарында жаш келиндин жансыз денеси табылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты.

Айрым маалыматтарга караганда, анын артында эки баласы калды. Келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдө табылган. Айрым ЖМКлардын маалыматтарына караганда, ал 27 жашта болчу. Милиция тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.