Талас районунда көк бөрү боюнча облустук мелдештин жыйынтыктоочу турунда 23 жаштагы оюнчу аттан кулап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, оюн 8-февраль күнү өткөн. Учурда жигиттин абалы оор. Компьютердик томографиядан өткөндө, мээнин травматикалык жаракаты, желке сыныгы, гематома, оор мээ жаракаты аныкталган. Жигит текшерүүдөн өтүп, эс-учун жоготкон. Операция жасалган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.