Таласта сууга чөгүп кеткен классташ кыздар. Милиция аталган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди

Милиция Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына барып, сууга чөгүп кетпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

«Бакай-Атада дайыма милициянын көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, табличкаларды, эскертүүлөрдү илип турушат», — дешти облустук милициядан.