Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына чөгүп, көз жумган 14 жана 12 жаштагы кыздар классташ болушкан. Бул тууралуу «Турмуш» жазды.
Маалыматка караганда, кыздар чогуу каналга түшүүгө жөнөп кетишкен, бирок алардын сууга кеткенин жакындарынан эч ким билген эмес. Каналдагы суу кир болчу. Кыздар жок болуп, изделе баштаганда алардын кийими канал жээктен табылган. Кыздар 25-июнда жерге берилген.
- ӨКМга Талас каналына 24-июнда 14 жана 13 жаштагы 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Ал эми 2009-жылы туулган кызды кечинде саат 17:30 чамасында жергиликтүү тургундар Миң-Булак айылынан табышкан.