УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы аянты 0,52 га болгон, буга чейин «Kerben Palace» мейманканасы пайдаланып келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында, Талас облустук административдик соту тарабынан жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын токтомун жараксыз деп табуу чечими чыгарылган. Буга байланыштуу «Kerben Palace» мейманканасынын өкүлдөрү жер мыйзамдарынын бузулушун моюнга алып, административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Таластагы бөлүмүнө арыз менен кайрылууну чечишкен.