Таластын Шекер айылында катуу жааган мөндүр талаадагы төө буурчакты талкалап кетти (видео)

28-июль күнү Айтматов районунун Шекер айыл аймагына катуу мөндүр жаап, дыйкандардын төө буурчагын талкалап кеткен. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев жазды.

«Өзүм окуя болгон жерге барып, дыйкандар менен жолуктум. Азыр комиссия түзүлүп, дыйкандардын чыгымын эсептөө иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган маселе боюнча өкмөткө жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине толук маалымат берилип, элге жардам берүү маселеси толук каралат»,- деп жазды ал.