«Тамагым кекиртегиме тыгылып». Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бир иш чарада коррупция менен айыпталып, мүлкү конфискацияланып бошотулган мурдагы премьер-министрдин жанында отуруп калып, тамагынан аш өтпөй кыйналганын айтты.

Куран окутууда беле, ал киши жаныма отуруп калганда жеген тамагым кекиртегиме тыгылып турду. Өзүм да жаман жерде отургандай сезип жаттым”, — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы маегинде коррупция менен колго түшкөндөр бошотулгандан кийин кайрадан ал иштерди улантып жаткандарын айтып «эми паракорлор жазадан кутула албайт» деди.