«Тамак жегенге, шытыратып баштык оодарганга болбойт». Кыргыз драма театры спектакль көрүү маданияты тууралуу эскертти

Кыргыз драма театры театрга баруу, спектакль көрүү маданияты тууралуу эскертти.

Театрга 12 жашка чейинки балдарды алып келүүгө болбойт!
Эгер келип алсаңыз, балаңыз спектакль маалында ыйласа дароо залдан чыгып кетүү зарыл. Себеби, театр кино эмес, театр жандуу организм, артисттер жандуу ойноп жаткан учурда балдардын ыйлаганы өтө тоскоолдук жаратат!
Спектакль маалында тамак жегенге, шытыратып баштык оодарганга болбойт!
Спектаклге кирип жатканда уюлдук телефондун үнүн өчүрүп коюңуздар.
Спектакль маалында эч качан телефон менен сүйлөшүүгө болбойт!
Эгер кечигип келсеңиз билетте жазылган орундукту издеп бүт залды кыдырбай четтеги бош орунга отура бериңиздер.
Негизи спектаклге кечигип киргенге болбойт!

Театрга, деги эле коомдук жайга ашыкча жыпар жыттанган атыр себинип келүүгө болбойт, бул отургандарга ыңгайсыздык жаратышы толук ыктымал.