«Тамаша го деп, ишенген жокмун». Орусияда блогерден унаа белекке алган келин эмоциясы менен бөлүштү

Белгилүү орусиялык блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублдук унаа белек кылган.  Блогер көчөдө кетип бара жаткан адамдарга эле унаа белек кылмак болгон. Ал көчөдө баласын коляскага салып сейилдеп жүргөн үй-бүлөгө жолугуп калган. Алар Орусияга Кыргызстандан жакында эле барганын айтышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги унааны белекке алган Айдана Бекмамбетова менен байланышканыбызда, бул белек күтүүсүз болгонун айтты. «Биз Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болобуз. Көчөдө сейилдеп жүргөнбүз. Телефон кармап кетип бара жаткам. Жолдошумдун «жок» дегенин угуп эле, маани берип карап калдым. Эмнеге берип жатканын түшүнбөй сурай бердим. Себеби, ишенген жокмун. Тамаша го дедим. Анан жолдошумду чакырдым. Экөөбүз тең ишенген жокпуз. Ачкыч, документ берип кетти. 15-20 мүнөттөй турдук. Унааны ачып отурдук. Анда да ишенген жокмун. Туугандарга чалып, айтып, үйдөгү айдоочулук күбөлүктү алдырып, үйгө алып бардык. Унаа, документ жаныбызда, эми ишенип жатабыз. Блогер менен байланышып жатабыз. Унааны өзүбүз айдайбыз. Унаа алышыбыз керек деп жүргөнбүз», — деди ал.