Ажого кайрылуу жасап, жакшы көргөн эркекти ала качууга уруксат сураган кыздын видеосу коомчулукта талкууга түштү. Айрымдары кайрылууну туура көрсө, айрымдары ТикТокчуну сынга алышууда. «Кара далы атка конуп калдык» деген интернет жылдызы менен маек төмөндө.
«Менин атым Айым. 1996-жылы туулгам. Кесибим боюнча юристмин. Дипломум жөн жатпасын деп сотто иштеп көрдүм. Бир орунда отура бергенге көнбөй калыптырмын. Тажап кеттим да, Түркияда иштеп келдим. Нарындан болом, бирок Бишкекте турабыз. Эки бир тууганбыз.
Менин курбу кыздарым бар. Көпчүлүгү туугандар мени «кара далы деп баштады» деп калышат. Ошону менен эле оюма келип кетип, жөн эле тартып койгом. Мынчалык болуп кетет деп ойлогон эмесмин», — деди ал.
Ал ошондой эле видеодон кийин колдогондор жана туура эмес кабыл алгандар болгонун айтты. «50 пайызы тамашаны туура кабыл алды. Кайра тамашалап жатышты, ал эми дагы 50 пайызы муну түз мааниде кабыл алып, катуу сындагандар, жаман жазгандар да болду», — деди ал.