«Тамтаңдап там сала албай». Мамлекеттик катчы Асман шаарына бата берди

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 30-июнда курулушуна старт берилген Асман шаарынна соцтармактагы баракчасы аркылуу бата берди.

«Тамтаңдап там сала албай жүргөнүбүз канча… Шаар салам деп, сөөгүндө чучугу бар, кыр аркалуу, бел байлагандан берен гана айтат! Аксарбашыл чабылып, буйоуса Асман шаарынын арканы чечилди. Асман шаарын ак жалгасын! Ажобуздун төрт тарабы тең кыбыла болсун», — деп жазылат билдирүүдө.