Танкта тирүүлөй өрттөлгөн аскердин апасы: «ДНК-анализ менин уулум экенин көрсөттү»

Кечээ, 27-сентябрда танкта тирүүлөй өрттөлгөн аскер Жаңыбай уулу Тилектин апасы Баткенге уулу жан берген жерди көрүүгө кеткени маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги апасы менен байланышканыбызда, ал Баткенге жеткенин билдирди.

Эне буга чейин редакцияга «баламдын өлгөнүнө ишенбейм, ДНК-анализ жасатышты, ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз» деп үмүт артып жаткан эле. Сыздаган эне анализ каза болгон анын уулу Жаңыбай уулу Тилек экенин тастыктап берген. «Ооба, жыйынтыгы чыгыптыр, менин уулум экен», — деди ал.

Тажикстандын кол салуусунан 26 жаштагы Жаңыбай уулу Тилектин каза болгонун жакындары 16-сентябрда угушкан. Танк менен жардырылды деген маалымат тараган. Ал 1996-жылы Талас шаарынын Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлгөн. 9 жылдан бери Баткен шаарында чек арада кызмат өтөп келген. 2021-жылы танк жарышта биринчиликти багындырып, байрагыбызды желбиреткен. 20-сентябрда үйлөнмөк. 5 бир туугандын кичүүсү болчу. Атасы былтыр каза болуп калган.

Кечээ, 26-сентябрда “Ата-Бейитте” Тажикстандын кол салуусунан курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.