Тарых музейинен Атамбаевдин жана 7-апрелди эске салган сүрөттөр алып салындыбы?

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Тарых музейи расмий ачылды. Музейде 2010-жылдын Апрель окуясына арналган бардык экспонаттар, анын ичинде бийликти кулаткан оппозициянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн бардык иллюстрациялар, сүрөттөр алып салынган. Алардын жоктугун бүгүн өлкөнүн башкы музейинин салтанаттуу ачылышына катышкандар байкашты. Бул тууралуу 24.кж жазды.

«Музейдин көргөзмө залдарынын биринде Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү коюлган. Алар 2005-жылы оппозиция Аскар Акаевди бийликтен кулаткан март окуясынын фотохроникасындагы стенддерге илинип турат. Анда Азимбек Бекназаровдун сүрөтү, ошондой эле Алмазбек Атамбаев жетектеген митингчилердин колоннасы борбордук аянтка чыккан. Бирок сүрөттө СДПК лидеринин өзүнүн сүрөтү жок. Анткени музейде 2010-жылдын 7-апрелиндеги каргашалуу окуялар тууралуу эч кандай сөз жок. Ачылышта журналист Канат Каниметов да болуп, музейде апрель темасы жок экенин тастыктады»,- деп айтылат маалыматта. 

Канат Каниметовдун айтымында, республиканын өнүгүүсүндөгү маанилүү этаптардын бири эмне үчүн Тарых музейинин дубалдарына илинбей калганын гид түшүндүрүп бере алган эмес. Анын айтымында, 2010-жылдагы апрель окуясынын экспозициясы мекеменин ачылышына бир күн калганда алынган. 

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Маданият министрлигине кайрылганда, маалыматты четке какты. «Жок эч нерсе алынган жок. Ким айтты? Баары турат. Эмнеси кем болсо, толукталат. Көп, мааниси жок болсо кыскартылат, толукталат. Музей дайыма жаңыланып, толукталып турат. Негизи музей дайыма изилденип, тарыхта такталган учурлар болсо, кошумчаланып турат. Музейдин өзүнүн спецификасы ушундай»,- дешти алар.