Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан 46 жаштагы кишини издөөгө бүгүн, 10-январда ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 54 адам, 4 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.