Ташиев 33 жаштагы жаранга биринчи жолу аты-жөнүн тастыктаган документ тапшырды

Бүгүн, 6-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргыз жарандыгын ала албай жүргөн Максим Чернышовду кабыл алды.
Көрүлгөн чаралардын негизинде 33 жаштагы Максим Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. 1990-жылы биологиялык ата-энелери аны Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Алексей Чернышов (1994-жылы каза болгон) жана Татьяна Чернышова (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.
Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.