Ташиев: «Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот»

«Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Эгерде кайтууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жергиликтүү бийлик органдары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен чогуу транспорт уюштуруп беребиз. Көчөгө чыгып, унаа издеп кыйналбаңыздар. Бүгүнкү күндөн баштап, Кудай буюрса, мамлекетибиздин чек арасында тынчтык болот», — деди ал.