Бүгүн, 13-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барып, “Кара-Кой” эс алуу жайына жетүүчү жаңыдан курулган жолдун абалы менен таанышты. Ошондой эле Кара-Койдун туристтик потенциалын өнүктүрүү концепциясынын презентациясы сунушталды.
Иш-чарада Ташиев концепция боюнча бир катар сунуштарын айтып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Анын айтымында, бул иштер жергиликтүү калкка жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталат. Ошондой эле жалпы узундугу 28 чакырымды түзгөн Тельман – Кара-Кой жолу толук оңдолуп бүттү. Буга чейин 6 чакырымы асфальтталган болсо, 2025-жылга карата капиталдык салымдар эсебинен дагы 3 чакырымына асфальт төшөлдү. Калган 19 чакырым аралыгы мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен курулуп бүткөрүлдү. Жаңы жолдун туурасы 7 метр, асфальттын калыңдыгы 7 сантиметрди түзөт.