Ташиев «Крокустагы» теракт боюнча билдирүү жасады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 22-мартта Москвадагы «Крокус сити холлдо» көп сандаган адамдын өлүмүнө алып келген теракт боюнча билдирүү жасады. Ал бул тууралуу постту соцтармактагы баракчасына жазды.

Камчыбек Ташиев Кыргызстан да кайгырып жатканын айтып, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир улутту күнөөлөө туура эмес экенин белгиледи.

«Террорчулардын улуту жок деп коёт. Орусияда мигранттарга каршы иш жүргүзүүгө жана улуттар аралык кастыкты козутууга кызыкдар террорчуларды ээрчип, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир элди күнөөлөгөн туура эмес. Тажикстандын атайын кызматы терроризм менен экстремизге каршы кынтыксыз күрөшүп жатканын белгилеп кетейин. Мындай кылтакка ар бир мамлекеттин жараны илинип калышы ыктымал. Терактыга буйрук бергендер бир улуттун өкүлдөрүн кокусунан тандап алган жок», — деп жазды Ташиев.

Ал бир тууган өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракети «псевдоисламчылар» дегендердин кылмыштуу максаттарын ишке ашырууга жол бербейт деп ишенерин белгилеген.