«Раим Матраимовду биз биринчи жолу кармаганда 2 миллиард 200 миллион сом төлөп чыккан. Ошондо биз «мындан ары бандиттерге кошулбагыла, бажыга жарым кадам да жолобойсуң» деген шарт койгонбуз. Макул дешкен. Бирок кайра эле баштап алышты. Бажыдан мурдагыдан да көп уурдоого киришти. Биз чара көрүүгө мажбур болдук. Анан качып кеткен жеринен бир туугандары менен Бакудан кармап келдик. Мына агасы иштен кетти. Жогорку Кеңештен Матраимов менен байланышы бар, бажыда чогуу иштеген, чогуу бизнес кылгандын баарын «тазаладык». Мамлекеттик органдардан дагы деле «тазалап» жатабыз. Бүгүнкү күндө Раим Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар «илинген». Мына силердин стадионго 1-2 миллион доллар кетет. Ошолор уурдабаганда ушул стадион мындай абалга келмек эмес», — деди Камчыбек Ташиев.
3-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт,...