Бүгүн, 26-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек ШИИББы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын айрым кызматкерлерин сыйлады.
Ал кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. УКМК төрагасы: “Ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир саатын өз мекенине кызмат кылууга арнап, Кыргыз Республикасы үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү», — деди. Аны менен катар Камчыбек Ташиев патрулдук милициянын 5 кызматкерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.