Ташиев өпкөсү кагынып, ооруканага жатты. Ал буга чейин да пневмонияга чалдыккан

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өпкөсү кагынып, ооруканага жатты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиев кечээ, 4-январда Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын «кызыл зонасына» жаткырылып, ошол жакта дарыланууда. Анын абалы канааттандырарлык. Бейтап коронавируска тест тапшырган, анын жыйынтыгы бүгүн, 5-январда белгилүү болот.

Камчыбек Ташиев буга чейин 2020-жылы «каргашалуу июль» деп атыккан мезгилде жубайы менен пневмонияга чалдыгып, ооруканалардан орун таппай, абалы начарлап кеткенин айтып берген.