УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 миллион доллардай каражат алынарын билдирди. Ташиев жакында эле 16 миллион долларлык мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин айтты.
“Мурдагы күнү Матраимовдун бир кеңсесин 16 миллион долларга саттык. Ал өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыр иштеп жатабыз, сот органдары жана өз ыктыяры менен биздин эсептегенибиз боюнча 200 миллион доллардын тегерегинде алышыбыз керек. Ал бир нече кишиге кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн дагы алабыз. Мунун баары сот органдары аркылуу ишке ашырылат”, — деди Ташиев.