Ташиев: «Садыр Жапаров «элдин ыраазычылыгы» менен кетишибиз керек деп айтат»

«Биздин дагы бийлигибиздин мөөнөтү бүтөт. Андан кийин элдин алдында биздин жүзүбүз жарык болушу керек». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Президентибиз «бизди бийликке эл алып келген, элдин рахматы менен кетишибиз керек» деп айтат. Биздин да мөөнөтүбүз бүтөт. Өмүр, кызмат, бийликтин да аягы бар. Биз да кетебиз. Мамлекетибиз тартиптүү, алдыга өнүгө тургандай болуп калыш керек. Ошол үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз»,- деди төрага.