УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы селден жабыркаган 2 тургунга жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатканда Мады айылынын дагы бир тургуну Кадырбек Козубай уулу да селден жараксыз абалга келген үйүн бузуп, жаңы там куруу үчүн каражат жетишпей жатканын айтып, Камчыбек Ташиевден жардам берүүсүн суранды. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.
Камчыбек Ташиев кайрылууга жооп кылып, Оштогу жумушчу сапарынын соңунда, Кадырбек Козубай уулун Ош аэропортуна чакырып, 500 000 сом өлчөмүндө жардамын тапшырганы маалымдалды. Үйдүн курулуш иштерин суук түшкөнчө бүтүрүп алуу зарылдыгын айтып, тургунга бат аракет кылууга чакырды.