«Ташиевди «подстава» кылып коюшту». Болот Темиров бошотулду

Бүгүн, 23-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.

«Мага айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, «таарынба» деп айтып жатышты. Укук коргоо органдарынын жогоруда тургандардын буюртмасын аткарышкандыгы — бул Кыргызстандын чындыгы. Мен кармалганымды иликтөөлөргө байланыштырам. Бирок эки версия бар. Биринчиси — бул Камчыбек Ташиевди «подстава» кылып коюшту, ал кармалуу тууралуу билген эмес. Экинчиси — бул ишти УКМК эмес, ИИМ ачып жатат», — деди журналист.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.