Ташиевдин колунан дагы бир жаран паспорт алды

23-майда Facebook социалдык тармагында УКМКнын төрагасынын атына Дядкин Николай Николаевич аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Николай Дядкин өзүнүн кайрылуусунда ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген. Улуттук коопсуздук органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде, улуту орус, Бишкек шаарында 1991-жылы туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталды. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Бүгүн, 12-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү Николай Николаевич Казейкинге тапшырды.

Буга чейин апрель айында УКМКнын төрагасы 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырган болчу.