Бүгүн, 6-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргыз жарандыгын ала албай жүргөн Максим Чернышовду кабыл алды.
Көрүлгөн чаралардын негизинде 33 жаштагы Максим Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. 1990-жылы биологиялык ата-энелери аны Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Алексей Чернышов (1994-жылы каза болгон) жана Татьяна Чернышова (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.
Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.
Кечээ, 4-май күнү Орусиянын Москва шаарында "Ак Нур" коомдук бирикмесинин төрайымы Асылкан Төлөнбаеванын демилгеси менен 100дөн ашуун энелердин башын бириктирген...
"Биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн 11 тыйын олуттуу сумма эмес". Бул тууралуу электр энергиясына болгон тарифтин акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берип...
30-июнда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде)...
30-июнга белгиленген Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң...
Баткенде мыйзам бузган мектеп окуучуларынын ата-энелерине айып пул салынды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто...