Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

«Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат». Мындай билдирүүнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми Молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр.

Мен баса белгилеп айтаар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноолор же ишенбөөчүлүктөр болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү — бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек.
Дагы бир жолу айтайын, менин атам, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич жана биздин үй-бүлөбүз мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн бир тыйынына дагы киришкен эмес жана өткөрүп алган эмес. Алар мамлекетке өткөрүлүп гана берилген. Андан ары кандай пайдаланылганын билгиси келген адамдар, журналисттер, активисттер, коомчулук иликтеп, тактап чыкса баары түшүнүктүү болот», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анын менчигинде болгон эки соода борбору тууралуу сөз кылган. «Аю гранд комфорт» бейтарап бааланып, кийин мамлекетке өткөрүлдү. Мен бул чечимди кабыл алып, аны адилеттүү деп санайм. Кызымдын урматына аталышы коюлган «Томми мол» соода борборуна байланыштуу кырдаалга тынчсызданам, ал 3-4 бөлмөлүү батирдин баасынын деңгээлинде бааланып, кийин Камчыбек Ташиевдин жубайынын чөйрөсүнө өттү деп уктум. Буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу, бейтарап жана ачык-айкын текшерип берүүңүздү суранам», — деп жазылган ишкердин билдирүүсүндө.

Жогорудагы Тай-Мурас Ташиев жарыялаган билдирүүдөн кийин Шаршенбек Абдыкеримов кайрадан үн катып, президент реакция кылганын жана текшерүү башталганын жазды. «Мен 5 жыл чыдадым», — деген ал.