Депутат Икрамов: «Көк бөрүдөгү облустук командаларды түп тамырынан жоюу — мезгил талабы»

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Көк бөрү эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге, Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылуу жасады.

“Ушул мезгилге чейин бул намыс талашкан оюнубуз өз милдетин так жана ашыгы менен аткарды. Ар бир нерсенин өз учуру болгондой эле акыркы окуялар бул көк бөрүгө башка өң, башка жүз берүү заман талабы экенин көргөздү.

31-август Эгемендүүлүк күнү Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Менин жеке сунушум: мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен) клубдук командаларды түзүү мезгил талабы.

Республикалык маанидеги көк бөрү оюнуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир региондон, тактап айтканда, ар бир облустан бирден оюнчу катышуусу керек. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу мындан ары көбөйө берет. Ал эми колдоочулар, фанаттар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатак чыгуусун алдын алат. Эгерде, ар бир облустун  улакчыларды курамына албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл. Ошол эле учурда, мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбойлу. Менин бул сунушумду эске алып, тиешелүү жетекчилер жана министрлик бул жобону тез арада иштеп чыгат деп терең ишенем», — деп жазды ал.