“Тазалык” муниципалдык ишканасында жаңы директор болуп Алиев Рамиз Гюльогланович дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Рамиз Алиев буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.