«Тазалыктын» жетекчиси окуучунун дептерлерин таштандыдан таап алып, ага кайрылуу жасады (видео)

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев окуучу кызга кайрылуу жасады. Видео ишкананын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык кызматынын директору түнкү рейд учурунда көчөдөгү таштандынын арасынан окуучу кыздын дептерлерин таап алган. Анын айтымында, шаардагы айрым аймактарда ишкананын кызматкерлери таштандыны 1 жумада 2 жолу алып кетишет, ал эми жарандар ал күндү күтпөй, таштандыны көчөгө алып чыгып коёт. Жетекчи таштандыны карап жатып, анын ичинен кыздын сумкасын жана нота дептерин таап алган. «Эгер менин видеомду көрүп жатсаң, мен сенин аты-жөнүңдү да билем, ата-энеңе айт, Бишкектин борборуна таштанды таштаган болбойт», — деди ал.