«Теке кубалап кеткен». Чүйдө тоого кеткен аңчы дайынсыз болуп жатат

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Куткаруучулар Сокулуктагы тоодо дайынсыз болгон жаранды издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Төш-Булак айылындагы Кичи-Тоо тоосуна 1961, 1972-жылы туулган жарандар аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү 1961-жылы туулган жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген. Ал эми экинчи жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн аталган жаранды издөөгө 5 куткаруучу тартылды.