Текебаевге кол салуу. Мушташка катышкандардын бири Токмоктун депутаты экени айтылууда

«Токмок шаарынын тургундары “Ата Мекен” партиясынын лидерине кол салгандардын бири Токмок шаардык кеңештин депутаты Анарбек Маликов экенин тааныды», — деди журналисттерге анын кесиптеши Чолпон Сыдыкова. Анын айтымында, интернетте пайда болгон видеодо Анарбек Маликов саясатчыга кол көтөргөн адамды артка тартып жатат.

«Бул Анарбек Маликов. Ал депутаттыкка талапкер Медербек Саккараевдин жээни. Экөө тең Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев менен дос. Кечээ саат 11:00дө «Мегаполис» ресторанында жаштар чогулуп жатканы тууралуу маалымат тараган. Анан алар Токмоктон чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады», — деди Чолпон Сыдыкова.

Аты аталган адамдар жогорудагы окуяга тиешеси бардыгы боюнча азырынча үн ката элек. Андыктан, Чолпон Сыдыкова тарабынан айтылган маалыматтын чын же калп экени белгисиз.