Текебаевге кол салууга катышкан Токмоктун депутаттары Садыр Жапаровдун штабында иштегени талкуу болуп жатат

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкан Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Садыр Жапаровдун штабында иштегени соцтармакта талкуу болуп жатат. Алардын ушул жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо штабда иштегенин Твиттер социалдык тармагында Айбек Турдалиев жазды.

Ал далил иретинде президенттикке талапкердин тарапташынан үгүт иштери үчүн акча алгандыгы тууралуу тил каттардын сүрөттөрүн жана Садыр Жапаров менен депутаттардын түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Тил каттын биринде Чүй районунан президенттикке талапкердин координаторумун деген Бактыяр Доконов 60 миң доллар алганын жазып берген. Экинчисинде Токмоктон координатормун деген Кайрат Чокеев 50 миң доллар алганына кол койгон. Экөө тең бүгүнкү күндө Токмок шаардык кеңешинде депутаттар.

1-декабрь күнү «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жаш жигиттердин тобу кол салган.