Телефон оңдоочу жайды жарнамалоо максатында бакка уюлдук телефондорду кадаган ишкер айыпка жыгылды (сүрөт)

Бишкекти тазалоо иштеринин жүрүшүндө калаада бакка илинген телефондор үчүн ишкер айып пулга жыгылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер уюлдук телефон оңдоо жайын жарнамалоо үчүн чөнтөк телефондорду бакка кадап койгон. “Жеке ишкерге карата “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 120-беренеси боюнча жашыл аянттарга келтирилген зыян үчүн 3 миң сомго протокол түзүлгөн. Ишкер оңдоо жайын жарнамалоо максатында уюлдук телефондорду бакка кадаган”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытканы үчүн бир жаранга, эки компанияга айып пул салынды. Мындай мыйзам бузуу «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул төлөөгө алып келет. Ошондой эле, таштанды калдыктарын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн Байтик Баатыр көчөсү №98 дарегинде жайгашкан «Фреш» кафесине, 2 шаар тургунуна айып салынды Айып пулдун көлөмү жеке адамдар үчүн 5 миң 500 сомду, юридикалык жактар үчүн 17 миң сомду түзөт.

“Урматтуу шаардыктар! Шаардын тазалыгын сактоону суранабыз. Санитардык нормалардын жана эрежелердин бузулгандыгына күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциясына 0705564756 номери аркылуу кайрылыңыздар”, — деп айтылат маалыматта.