Темирлан Султанбеков Раиса Атамбаеванын 5 күндөн бери ооруканада жатканын айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ооруканада жатат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Жаңы эле Раиса Атамбаеваны ооруканага барып, көрүп келдим. Беш күн мурун ал жүрөк оорусунан жана дарыгерлердин сунушу менен ооруканага жаткырылган. Быйыл үчүнчү жолу ооруканага жаткырылып жатат. Бүгүн жолдошу менен жолугушууга бармак, дарыгерлерден да 2 саатка суранып алган, бирок ден соолугуна байланыштуу бара алган жок»,- деп жазды ал.