Temirov LIVE каналынын бардык кызматкерлери 18:00гө суракка чакырылышты

Temirov LIVE каналынын бардык кызматкерлери саат 18:00гө суракка чакырылышты. Бул тууралуу аталган каналдын редакциясынан билдиришти.

«Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүлөрү ар бирибизди Болот Темиров жана Болот Назаровго карата козголгон иштердин алкагында бүгүн, 28-январь саат 18:00го күбө катары сурака чакырышты. Укук коргоо органдары бизди өздөрү уюштурган баңгизат шоусуна байланыштуу сурака чакырышып, бирок биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча маалымат алууга кызыкдар болуп жатышат деген күмөн саноодобуз», — деп жазылат редакция тараткан маалыматта.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Назаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.