24 июня — Международный день женщин в дипломатии. На фото: Постоянный представитель Кыргызстана при ООН Аида Касымалиева с дочкой. pic.twitter.com/ATnU9rTk6m
— Служба новостей ООН (@UN_News_RU) June 24, 2023
Бүгүн, 27-июнда экс-депутат Аида Касымалиева соцтармактагы баракчасына ошол сүрөттүн баяны деп аталган көлөмдүү билдирүү жарыялады.
«Менин кызым менен түшкөн сүрөтүм жакында эле көз жарып, ошол эле учурда иштеп жаткан аялдын үлгүсү катары иллюстрация болуп жарыяланган. Мен кайра ишке кызым үч жума болгондо эле чыктым. Бул үй-бүлөмдүн, өзгөчө жолдошум менен кайненемдин колдоосу менен мүмкүн болуп жатат. Иман күтүүсүз, бирок көптөн бери күтүлгөн Кудайдын белеги. Жолдошум экөөбүз көп дуба кыла берип, атүгүл кол шилтеп да койгонбуз. Ал улуу кызым 16 жашка толгондо төрөлдү.
Бир канча жылдан бери сынга жооп бербей келем. Ишимдин жыйынтыгынан түшүнүшөт деп туура эмес ойлонуптурмун. Кимдир бирөө БУУда иштебей эле бекерчиликтен ары-бери басып, кызын трибунадан сүрөткө тартып жаткандай образды бергиси келип жаткандыр. Мындай ой күлкүлүү. Андай болушу мүмкүн эмес», — деп жазды ал.