Терек-Сай айылынын тургундары балдары менен алтын казуучу компанияга каршы митингге чыгышты

Кечээ, 8-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары балдары менен кыргыз-түрк алтын казуучу «Эти Бакир Терексай» ЖЧКсына каршы митингге чыгышкан. Алардын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү абаны булгап, балдардын оорусуна себеп болуп жатат.

«Чаңдын айынан балам астма менен ооруп калды. Мага бул оору экологиялык фактор тарабынан козголгонун айтышты, ал үч айда начарлап кетти. Дарыгерлердин өзүлөрү оорунун тездик менен өнүгүп жатканына таң калышат. Үч ай мурун аллергиялык жөтөл менен башталып, астмага айланган. Дарыгерлер мунун себеби экологияда экенин айтышты», — дейт митингчилердин бири.

Алар мындан тышкары, балдары дайыма жөтөлүп ооруп жатышканын, дары жардам бербей жатканын айтышкан.