Электр энергиясын керектөө жогорулаганына байланыштуу подстанцияларга оордук келип жатат. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай жагдайдан улам автоматтык өчүрүүлөр болушу ыктымал. «Токтогул суу сактыгычында 16-декабрга карата суунун көлөмү 13,1 миллиард метр куб суу калды. Өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралууда», — дейт Сабиров.
Буга чейин “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасынын башчысынын орун басары Асхат Бердиев “Көмүр жагып, электр энергиясын үнөмдөгүлө” деген эле.