Тик-Ток жылдызы Гүлзана: «Хейтерлердин жазгандарын көтөрө билем. Ар бир адамдын оюн сыйлайм»

Жолдошум, уулдарым менин Тик-Токко жүктөгөн видеолорду туура эле кабыл алат. Бул тууралуу Тик-Ток жылдызы Гүлзана маек учурунда билдирди.

«2 уулум бар. Алар жакшы эле кабыл алышат. Мен ойлойм да айылдагы туугандар кеп кылышса керек деп. Бирок аларда эч бир сөз уга элекмин. Алар деле түшүнөт болушу керек. Кайын-журтум да мени түшүнөт. Көлдүкмүн. Кесибим боюнча англис тилинен педагогмун. Котормочу болуп иштедим. Азыр үйдөмүн»,— деди ал.

Ал ошондой эле видеолорунун алдына терс пикирлерди калтырган адамдардын азайып калганын айтты. «Мен хейтерлердин жазгандарын көтөрө билем. Биз эркин өлкөдө жашайбыз. Ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу. Мен алардын пикирлерин өчүрбөйм. Мен алардын пикирлерин сыйлайм. Ал жаман сөз жазып жатса, демек ага себеп болду»,- дейт ал.