TikTok компаниясынын өкүлдөрү Бишкекке келгени айтылды

TikTok компаниясынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкмөттүк байланыштар жана корпоративдик иштер боюнча директору Сергей Соколов Бишкекке келди. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактын өкүлү 6-сентябрга караган түнү келген. Маданият министрлиги бул маалыматты тастыктаган жок, бирок төгүндөгөн да эмес. Соколов Маданият жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, өлкөдөгү социалдык тармакка бөгөт коюу маселесин талкуулай турганы күтүлүүдө.

Маданият министрлиги буга чейин Кыргызстанда TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алган. Буга себеп 18 уюмдун кайрылуусу жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирип жатат деп түшүндүргөн.