«ТикТокко, Инстаграмга короткон убакыттын ордуна кыргыз тилин үйрөнөм» дейт англиялык жигит

Самуэль Григгс — англиялык жигит. Кыргызстанда жашап жаткан 3 жыл аралыгында кыргыз тилинде суудай сүйлөп, комузда кол ойнотуп, дастанды келиштире аткарганга үйрөнгөн. Кыргыз тилин жоготпой, өнүктүрүүгө чакырган Самуэль мырза SuperTV‘га маек берди.

«ТикТокко, Инстаграмга көп убакыт кетет. Ошол убакытты пайдаланып, кыргыз тилин жакшы үйрөнсөм, комуз чертсем, пайдалуу болот. Ошон үчүн азырынча соцтармактарга кирбейм», — деди ал.