ТикТокту жарган казакстандык «Койчу баланын» апасы кыргыз экени маалым болду

Учурда күчтүү каалоо жана колуңда телефон болсо дүйнөгө өзгөчөлүгүңдү көрсөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк бар. Бул жолу биз айылда кой кайтарып жүрүп ТикТоктон миллион көрүүнү топтоп, акча таап баштаган «койчу бала» атыккан казак жигити Тойбек Саят менен маек курдук. Ал «кээ бир кыздар кыялымдагы жигит экенсиң дешет» дейт.

Тойбек Саяттын апасы кыргыз. Ал эми атасы казак. 6 бир туугандын кенжеси.