Тилек Текебаевдин демилгеси менен медициналык факультетке 50 бюджеттик орун бөлүндү

Жалал-Абад облусунун медициналык кадрларга болгон муктаждыгын жоюу максатында, алгачкы жолу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин демилгеси менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетине кошумча 50 бюджеттик орун бөлүндү. Бул тууралуу маалымат бүгүн облустук коллегиянын жыйынында айтылды.

Учурда бул орундарга облустун бардык район жана шаарларынан абитуриенттер кабыл алынып, 8 орун калган. Тилек Текебаев белгилегендей, бул кадам аймактагы медициналык кадрлардын жетишсиздигин жоюуга жана саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого багытталууда.