“Тилектештик автобусу” долбоорунун адистери Кара-Сууда акысыз кеңеш берип жүрүшөт

“Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш, Жыл-Келди, Калинин, Кашкар-Кыштак жана Монок айылдарынын жарандарына 99 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсү боюнча, акысыз кеңеш Ак-Таш жана Кашкар-Кыштак айылдарынын айыл өкмөттөрүнүн имараттарында өттү. Жергиликтүү тургундар негизинен жер тилкелерин берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсия жана жөлөк пулду чегерүү маселелери боюнча, паспорт алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка маселелер менен кайрылышты. 17-июнда «Тилектештик автобусу» Ош облусунун Кара-Суу шаарына барат. Калк менен жолугушуу Кара-Суу шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлөт.