ТИМ энеси Кыргызстанга депортацияланган ымыркай боюнча маалымат берди

«Екатеринбург шаарында Кыргыз жаранынын баласын ооруканада калтырып, өзүн депортация кылган» деген маалымат тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

7-февралда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу жашы жете элек кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барган. Оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, баланын абалы туруктуу деп бааланууда жана анын даарылануусу февраль айынын аягына чейин уланат.

Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында баланын андан аркы дарылануусу Екатеринбург шаарында улантылары боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болгон.

«Ошол эле учурда, баланын энесин Орусияга киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынгандыктан, аны Орусиядан депортация кылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Баланын үй-бүлөсү бул маселе боюнча маалыматты мындан ары массалык маалымат каражаттарында таратпоону суранат. Жогорудагы маселе министрлик жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө», — дешти.