Екатеринбургда ыктыярчылар аймактык балдар ооруканасына ата-энесиз түшкөн 1,5 айлык кыргызстандык балага жардам берип жатышат. Ымыркайга энеден балага жугуучу тубаса инфекция диагнозу коюлган. Бул тууралуу ЕАНга активисттер билдиргенин жазды.
Маалыматка караганда, ымыркайдын апасы миграциялык режимди бузганы үчүн Орусиядан депортацияланган.
Баланын атасы Свердлов районунда жашайт, бирок жумушуна байланыштуу күнү-түнү жанында болуп, уулун карай албайт.